7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жегиңди гана келтирет! Стамбулда балык сезон башталды

645

Түркия гастрономиянын борбору катары бир көчө тамактары, кебаптары менен гана эмес деңиз дасторкону менен да дүйнөгө кызык. Балык кармоо, бышыруу ыкмалары, даамдуу жана кооз даярдоо боюнча Истанбул башка шаарларга өрнөк десек болот.

ДЕҢИЗ ТАМАГЫНЫН ТАРЫХЫ САКТАЛГАН ТҮРКИЯ


Үч тарабынан деңиз менен курчалган Түркияда деңиз тамактары боюнча кылымдык тарых, маданият бар. Маселен Осмон империясы дооруна таандык жазуулар хан сарайдагы деликатестердин арасында сазан, скумбрия, кылыч балык, калкан, көк балык жана жылан балыгы, ошондой эле лейкерда (туздалган бонито), элик жана икра сыяктуу балыктардын болгонун көрсөтөт. Туздалган балык жана балык шорполору да сарай ашканасында тамшанып ичилген тамактардын катарында болгон.
СТАМБУЛДУН БАЛЫК СЕНДВИЧИ

Деңизден соккон мелүүн жел, жээкте шылдыраган суу, калкыган көк мейкиндиктин арасында жайгашкан Станбулда балык кармоо өзүнчө бир рахат. Айрыкча кеч күздө Босфордо балык сезону башталса, кышын Стамбул ашканалары балыкка толот. Мезгилдик балыктар анчоустан тарта кызыл кефир, көк балыктан бонитого, сардинадан скумбрияга чейин жыл бою станбулдуктардын дасторконун кооздоп турат.

БОСФОРДОГУ БАЙЫРКЫ БАЛЫК БАЗАР
Байыртадан сакталып калган, балык базарлары, балыкчылар жана Босфорду бойлой сүзүп жүргөн балыкчы кайыктары Стамбулдун көркүнө көрк кошуп турат. Стамбулдан ары-бери өтүп баратсаңыз, бул калаа үчүн балык ашканасы жана деңиз тамак-аштары канчалык маанилүү байкалат.

ЖОЛ ЖЭЭКТЕГИ БАЛЫК АШКАНАЛАР


Халычта аралап, эки тараптуу узаган Каракөй жана Эминөңү жолдору балыкчыларга толгон. Жол жээктеги балык базарлардан каалаган балыгыңды сатып, ысык бышыртып жеп, шам-шум этип кетеберсеңиз болот. Анын үчүн атайын чакан-чакан ашканалар да бар. Галата көпүрөсүнүн тротуары жана Босфор кысыгындагы балыкчылар Стамбулдун балык маданияты менен дүйнөгө таанытып, туристтерге даамдуу деңиз тамактарын ысык-ысык жасап берип, тыйын-тыпырын алып тиричилик кылат.

БАЛЫК РЕСТОРАНДАРЫ БАР ИСТАНБУЛ

Түрк тамак-аштары дегенде акылыбызга эт же кебап келгени менен таза балык Түркия гастрономиясын байыткан азыктардын сап башында турат. Станбулдун барып калсаңыз, көп баспай эле деңиз жээктеринде таза салат жана түрдүү балыктарды даамын келтире жасаган жүздөгөн балык ашканаларына көзүңүз түшөт. Ошондой эле эс алуу, чер жазуу үчүн оюн-зоок жайлары, атайын таверналар, балык ресторандары бар.

ТҮРҮ КӨП ТАТЫМАЛДАР


Балык ресторандарында тейлөө закускалардан башталат. Алар кичинекей тарелкаларда кардарларга берилет. Истанбулдагы балык ресторондарында закускалардын отуздан жүзгө чейин түрү бар. Креветка, май, сарымсак жана помидор кошулуп чабактан жасалган тамак, майда тууралган балык, татымал, помидор, пияз жана калемпир менен аралаштырып бышырылган кокореч балык, көмөч казанда майга бышырылган ачуу чабактар, ысык майга куурулган каламар жана Стамбулдун туздуу даамы Лакерда балык ресторандары тарабынан сунушталган ысык закускалардын менюсунан орун алган.

ДЕҢИЗ ЖЭЭГИНДЕ ПОПУЛЯРДУУ МИДЕ

Деңиз жээгиндеги шаарларда миде өтө популярдуу. Миде көчө тамактарына киргендиктен, отурганга жер издеп отурбай, басып баратып деле жеп кетебересиз. Тамак алаардан мурун сиз балыктын даамын татып көрсөңүз болот.

БОН АППЕТИТ! СТАМБУЛ СИЗГЕ СУНУШТАЙТ
Станбул сизге отко какталган деңиз басы, лепест, грузин гриль, тузда бышырылган деңиз басы, фаршталган миде, куурулган миде, грильде бышырылган осьминог, гриль каламари, куурулган каламри, фаршылган каламар, чаян балык шорпосу, ышталган балык, балык пастрами (ышталган балык) жана кипперс сыяктуу деңиз тамактарын сунуштайт. Аш болсун кадырлуу коногум!

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646