Каракчылык менен кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-январь күнү ички иштер органдарына чет өлкөнүн жарандары кайрылып, мүлктү ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салгандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. 9-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан жеке ишкананын имаратына куралданган бет капчан белгисиз адамдар кирип келишип, күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, 650 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан.
Кылмыш жасалган учурда имараттын ичинде фирманын төрт кызматкери болгон.
Бул факты Чүй облусунун Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери дагы тартылган.
Бул боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары дагы жүргүзүлүп, мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1989-жылы туулган Ш.А. кармалды.
Аны кармоо учурунда 9 мм калибрдеги “Макаров” тапанчасына окшош курал табылып алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Андан сырткары, бул кылмыш ишине тиешеси бар үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.