7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке менчике берилип кеткен 16 гектар жер мамлекетке кайтарылды

451

 Кара-Буура райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жайыт жерлер мамлекеттин гана менчиги экендигине карабастан, 2005-жылы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери жайыттан 16 гектар жер тилкесин А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.

Аталган айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде, райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө карата менчик укугу тууралуу акты берилип кеткен.

Бул факты боюнча айыл өкмөтүнүн жана мамкаттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Мыйзамсыз берилген жайыт жерди мамлекетке алуу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко тиешелүү доо арыздар киргизилип, алар толугу менен канааттандырылган жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

452