7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

365

Жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бишкек шаарындагы Коммунаров көчөсү 93 дарегинде жайгашкан, аянты 0,8 га болгон №159 балдар бакчасы, 1993-жылы Мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде «Уста» ААКтын балансында турган учурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги такталган.

Мүлккө ээлик кылган жаран мыйзамсыз экенин түшүнүп, ыктыярдуу түрдө бала бакчанын имаратын, жер тилкеси менен кошо мамлекетке өткөрүп берген.

Бүгүнкү күндө бул объект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди активдүү текшерүүдө.

Бишкек шаарында эле жыл башынан бери 6 мектепке чейинки билим берүү мекемеси (бала бакча) мамлекеттин балансына кайтарылып, мындан ары Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилет.

Бишкек шаарынын аймагында социалдык объекттердин жетишсиздигин эске алуу менен аталган бала бакчалар калктын муктаждыгын азайтууга мүмкүндүк берет.

 

366