7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду

551

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сунушталган мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө төмөндөгүлөр аркылуу тартууга багытталган:

– активдерди декларациялоо учурундагы абалы боюнча жеке жактарга таандык, анын ичинде башка адамдарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү;
– Кыргызстандын экономикасына ички жана тышкы инвестициялардын көбөйүшү;
– көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу;
– активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган өздөрүнө таандык болгон активдерди ыктыярдуу декларациялоого чейинки мыйзамдардын талаптарын бузулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоо.

Ушул Мыйзам төмөнкү активдерге карата колдонулбайт:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөгү чектелген же жүгүртүүдөн алынган;

– Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары жерлерде ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурга карата аларды конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими колдонулган, ошондой эле соттук кароонун предмети болуп саналган мүлккө.

Ошондой эле бул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552