7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке жашоосун сыр кылып келген түрк актёру тууралуу кызыктуу фактылар

613

“Постучись в мою дверь” сериалында Серкан Болаттын ролун ойногон Керем Бюрсин Түркиянын белгилүү актерлорунун бири. Ал дайыма өзүн өнүктүрүп, ар кандай образдарды жаратып келген таланттуу жана келишимдүү актер. Керем Бюрсин 1987-жылы 4-июнда Стамбулда туулган. Бул актер тууралуу кызыктуу маалыматтарды биз топтогон материалдан окуңуз.

1. Атасы эл аралык компанияны башкарган бизнесмен. Апасы үй кожойкеси. Үй бүлөдө бир уул, бир кыз. Анын карындашы бар.

2. Керем он жашка чыкканда, ата-энеси менен бирге АКШнын Техас шаарына көчүп кеткен. Ал жакта мектепте окуган.
Орто мектепти аяктагандан соң Бостонго көчүп, ал жерде Эмерсон колледжинин маркетинг бөлүмүнө тапшырган. Ошондой эле ал кошумча актёрдук сабак алган.

3. Атасы чыгармачылыгына каршы болгон. Бирок апасы колдоо көрсөтүп, чыгармачылыгына түрткү берген.

4. Алгачкы ролдорун кыска метраждуу тасмаларда ойногон. Чоң экрандагы дебютун америкалык «Акулосьминог» (2010) тасмасында жасаган. Андан соң түрк сериалында башкы ролду жаратып, элге тааныла баштаган.

5. Керем жеке жашоосу тууралуу эч кимге айткысы келбейт, журналисттер жеке жашоосу тууралуу суроо бергенде ал жооп берүүдөн баш тартат.

6. Анын бою 1.79 м, салмагы 75 килограмм. Ал ар дайым спорт менен машыгат жана бул нерсени жакшы көрөт. Спортту жашоосунун ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. Спорт денени калыпка келтирүүгө гана эмес, ойлорду иретке келтирүүгө жардам берет деп айтып келет.

7. Керем феминизмди активдүү колдойт. Ал Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө аялдардын укуктары үчүн күрөшөт.

8. Актёрдун сүйүктүү хоббиси – өз колу менен жыгачтан жана металлдан кичинекей буюмдарды жасоо. Ал өзү жасаган буюмдарды жакындарына берет.

9. Керем өзү тартылган көрсөтүүлөрдү, кинолорду эч качан көрбөйт. Ызы-чууга чыдабайт. Ал бош убактысынын баарын китеп окуу менен өткөргөндү жакшы көрөт, демек сериалдагы Серкан менен Керемдин окшоштуктары бар экен.

10. Актёр психологияга кызыгып, өзүнүн келечегин элестетип, медитация кылганды жакшы көрөт.

11. Өзү- өзү камсыз кылган, өзүнө ишенген жана өзүн алып жүрө алган айымдарды жактырат. Кошумчалай кетсек, актёр тамак жасаганды жакшы көрөт жана көбүнчө өзүнүн рецепттерин ойлоп табат.

12. Керемдин жакын адамдары анын боорукерлигин, чынчылдыгын жана башкаларга ачык экенин айтышат. Анда текебердик, агрессия жана көрө албастык жок. Демек, Керем бардык өлкөлөрдүн жаштары үчүн эң сонун үлгү десек жаңылышпайбыз.

13. Чоң үй-бүлөнү кыялданат. Ал келечекте балдарына аны сыймыктануу менен көрсөтө турган ролдорду ойногусу келет.

14. Түркияга көчүп баргандан кийин Керем кесиптеши Ягмур менен мамиле курган. Бирок түгөйлөр 1-жыл бирге болушуп, кийин эки ажырым жолго түшкөн. Керем өзү берген жана мурунку сүйүктүүсү берген интервьюларды такыр укпайт.

15. Ал Америкада «Doritos» деген чипсынын жарнамасына тартылган.

16. Шааң-шөкөт болгон жерлерди жактырбайт, тынч атмосфераны жакшы көрөт.

17. Атасы карьерасына каршы болуп акча бербей койгондо, фитнес залдын полун жууп иштеген. Андан тышкары официант, айдоочу дагы болгон.

18. Керем түрк тилин жакшы билген эмес. Анткени, ал көп жыл бою Америкада жашаган. Түрк тилин үйрөнүү үчүн репетитор менен машыккан. Ал түрк тилинде акцент менен сүйлөйт.

19. Актер кастингтерге көп катышкан, алардын ичинен 100дөй жерден өтпөй калган. Америкалык кинолорго тартылууда андан баш тарткан учурлар болсо, ал эми түрк сериалдарына тартылуу үчүн тил жакшы билген эмес.

20. Кийим көп тандабайт, базардан болобу же кымбат магазинден болобу жактырып калса ала берет.

21. «Социалдык тармактарда көп отурсаң чыныгы жашоонун даамын сезбей каласың»,- деп маектеринин биринде айткан. Бирок, учурда анын күйөрмандары көп болгондугуна байланыштуу жаңы сүрөттөрдү жүктөп турганга аракет жасайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614