7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жекшеналиев: Жол тарыган жок, кеңейди. Ал жерге баргандар бириңер да элге жеткире албай койдуңар…

4

“Ушул жерге кырса түгөнгүс мамлекеттик журналисттер бардыңар. Мэр жүрдү, Нариман Тюлеев өзү кошо жүрдү. Бирок бирөөңөр да элге жеткиликтүү түшүндүрө албадыңар”, — дейт Ырыс Жекшеналиев өзүнүн Facebook баракчасына.

Анын айтымында, жаңы бүткөн Чүй/Советский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жасалган жол кыйла кеңейген.

“Жол тарып кеткен жок. Тескерисинче берки жээгиндеги Советский жагынын чети кеңейген. Күн чыгыш жактан келе жаткан авто унаалар Советскийге жеткенде ылдый бурулам десе дагы бир линия кошулуп атат. Ал эми Советскийден ЦУМду көздөй бурулам деген авто унааларга дагы бир линия кошулду. Ошол үчүн берки жагы жазы болуп көрүнүп турат. Ал эми мурдагы линия мурдагыдан 1 метрге кеңейип атат. Чыгыштан, 1000 түркүн жактан келе жаткан эски жолду карабайсыңарбы? Салыштырып көрбөйсүңөрбү? Сокурсуңарбы. Ал эски жол бул жаңы жолго караганда кууш болуп турбайбы. Жакшы иштерди жаман дей бергидей МАНКУРТСУҢАРБЫ? Албетте элдин баарына эмес, жакшы иштерди көрө албас көөдөнү бошторго тиешелүү”, — деген ал.

5