7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жерүйдөгү фабриканын ачылышына Жапаров барып, Путин онлайн катышат

585

Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын рудасын иштетүүчү комбинатты ишке киргизүүгө катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-мартында Талас облусунда  Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.

Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында тазаланат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка  ээ болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586