Бүгүн, 15-март Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялар ортосунда чүчү кулак тартуу болуп өттү.
Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого катышып жаткан 25 партия шайлоо бюллетенинде төмөндөгү кезек номур менен жазылат. Мындан сырткары, 26-болуп “Баарына каршы” деген тандоо берилет.
№ 1 — «Улутман»;
№ 2 — «Ыйман нуру»;
№ 3 — «Наш народ»;
№ 4 — Партия демократического движения Кыргызстана;
№ 5 — «Замандаш»;
№ 6 — «Улуу Журт»;
№ 7 — «Ишеним»;
№ 8 — «Свобода выбора»;
№ 9 — «Власть народу»;
№ 10 — Партия коммунистов Кыргызстана;
№ 11 — «Социал-демократы Кыргызстана»;
№ 12 — «Ата Журт Кыргызстан».
№ 13 — «Республика»;
№ 14 — «Айкол Кыргызстан»;
№ 15 — НДПК;
№ 16 — «Тынчтык»;
№ 17 — «Кыргызстан»;
№ 18 — Партия зеленых;
№ 19 — «Ак Бата»;
№ 20 — Социалистическая партия Кыргызстана;
№ 21 — «Бутун Кыргызстан»;
№ 22 — «Эмгек»;
№ 23 — «Реформа»;
№ 24 — «Ынтымак»;
№ 25 — «Патриот».
Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген.
Өлкө боюнча 28 шаар, 420 айыл өкмөттө шайлоо болот.