7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Самаркандек айылынын тургундары менен жолукту

562

2021-жылдын 15-мартында Баткен облусунун Самаркандек айылында Кыргыз Республикасынын УКМК башчысы генерал-лейтенант К.К.Ташиев менен жергиликтүү калк ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарынындагы жашоочулары тууралуу маанилүү маселелер талкууланды.

«Кыргыз Республикасынын УКМК башчысы К.Ташиев баардыгына кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып кетти.
Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын баса белгиледи. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563