7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

413

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” КР мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам 2024-жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануунун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү максатында мыйзам менен Кыргызстандын уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жокко чыгарылууда.

414