7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер мунапысы боюнча комиссия Свердлов районунан 154 материалды жактырды

113

Жер мунапысы боюнча комиссия Свердлов районунан 154 материалды жактырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте жер амнистиясына кирген объектилер боюнча комиссиянын ишин жүргүзүүнү улантууда.

Свердлов району боюнча комиссия тарабынан 154 материал жактырылды, анын ичинен 122 материал тиешелүү корутундуларды даярдоо үчүн Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгына жөнөтүлдү, ал эми 85 материал коомдук угууга чыгарылды.

Бул багыттагы иштер улантылат.

114