7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер пайдалануу боюнча 1981 лизенция камтылып, 836сы шартты бузган жана 500гө жакыны жокко чыгарылды

115

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги буга чейин берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышын масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө инвентаризациялоо менен жер казынасын пайдаланууга берилген 1981 колдонуудагы лицензия камтылган.

“Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча лицензиялардын жана лицензиялык келишимдердин шарттарын бузган 836 учур аныкталды. Мыйзам бузууларды четтетүү жана тармакта тартип орнотуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында 500гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп жана жокко чыгарылды. Эң көп кездешкен мыйзам бузуулардын ичинен рекультивациялык эсептер жана реквизиттер жөнүндө билдирүүлөрдүн жоктугу, бонустарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылбашы, лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши, ошондой эле милдеттүү лицензиялык талаптардын сакталбагандыгынын башка фактылары аныкталды”, — деп берилет маалыматта.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматына Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо жана ар бир аныкталган факт боюнча тийиштүү чараларды көрүү ишин улантуу тапшырылды.

116