7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер тилкелерин мыйзамсыз саткан мурдагы аким кармалды

393

Мамлекеттик администрациянын, архитектура, кадастр жана мамлекеттик архив органдарынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери баш болгон «жер мафиясынын» коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка, ылайык айыпталуучу Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында жайгашкан аянты 1 гектардан ашык болгон 21 мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алган. Ал үчүн турак жайдын башкы планын жана райондук мамлекеттик администрациясынын «Жеке өнүктүрүү маселелери жөнүндө» токтомдорун жасалмалап алган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке 300 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Коррупциялык схеманын уюштуруучулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар жасаган кылмыштардын күнөөсүн мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарып беришти.

394