7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин жергиликтүү бийлик тарабынан жарандар менен жолугушууларды өткөрүү тапшырмасы боюнча кеңешме өттү

840

Президенттин Администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушууларын өткөрүү жөнүндө тапшырмаларын аткаруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге президенттин Администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Айбек Жунушалиев жетекчилерге коюлуп жаткан негизги талап — массалык маалымат каражаттарында жарыяланган график боюнча жергиликтүү эл менен жолугушуунун күнүн жана ордун так сактоо керектигин белгиледи.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча протоколдор жер-жерлерде кабыл алынган тапшырмалардын аткарылышын кийинки көзөмөлгө алуу үчүн президенттин Администрациясына жөнөтүлөт.

Эске салсак, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери 11-апрелден 22-апрелге чейин  аймактарды кыдырып, жер-жерлердеги курч көйгөйлөрдү ыкчам кароо, орун алган маселелерди чечүү максатында өлкө жарандары менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

841