7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

736

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган. Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодесине жазапулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолу менен жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруунун жагдайларын караган укук бузуулар жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодекси жаңы 2121 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталат.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда КР министрлер кабинетине:

– жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну контролдоо;
– азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737