7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө 180 тонналык нефрит өңдүү уникалдуу таш табылды

16

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда салмагы 180 тоннадан ашкан нефрит ташына окшош уникалдуу таш табылды. Таш Чоң-Кызыл-Суу айылынан болжол менен үч чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Эске салсак, таш 2013-2014-жылдары табылып, дароо адистердин жана жергиликтүү тургундардын кызыгуусун жараткан. Бирок, уурулук коркунучунан улам ошол кезде кайра көмүп салышкан. Кийинчерээк геологиялык изилдөөлөрдүн негизинде анын нефрит эмес, нефритоид экени аныкталган. Ошого карабастан таш өзүнүн илимий жана туристтик баалуулугун сактап келет.

Бул ачылыш аймакка келген конокторду жана чет жактан келген туристтерди тартууга келечектүү булак катары каралууда. Жергиликтүү тургундар ташты ачып, аны табигый эстелик катары колдонууну бир нече жолу сунушташкан.

Ал эми 13-январда райондук администрациянын жыйынында ташты туристтер үчүн расмий түрдө ачуу чечими кабыл алынган. Ошол эле маалда Чоң-Кызыл-Суу капчыгайында «Ак Илбирс» кышкы фестивалын өткөрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу жоопкерчилиги Оргочор айыл өкмөтүнө тапшырылды.

Учурда «Иштерман» муниципалдык ишканасы тарабынан оор техникалардын жардамы менен даярдык иштери жүрүп жатат.

17