7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө айыл жаштары имамга унаа белек кылды

664

6-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын имамы Азат Ашировго аталган айылдын жаштары «HONDA TORNEO» үлгүсүндөгү авто унаа белек кылды. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, унааны атайын жаштар демилге көтөрүп, өз ыктыярлары менен имамдын көп жылдык эмгегин баалашып, белек катары тартуу кылышкан.

Айыл тургуну Бекназар Карыбаев «Биз айылдын жаштары буга чейин дагы кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жардамга муктаж бир туугандарыбызга, кары-картаңдарыбызга көмөк көрсөтүп, колубуздан келген жардамыбызды берип келебиз. Бүгүн, имамыбыз Азат Шамиловичтин айылыбыз үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлакка үндөп келгендиги үчүн ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чечтик»,-деди.

Азат Аширов аталган айылда имамдыкты аркалап келе жатканына 7 жылдан ашты. Диний жогорку билимдүү, КИУ бүтүрүүчүсү.

665