Жети-Өгүздө сууга чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө иштерин 50дөн ашуун адам жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында 15 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Өспүрүмдүн көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу 25-июнда маалымдалган.
«2006-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүмдү издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 8 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн, 26-июнь күнү улантылат», — деп берилет маалыматта.