Бүгүн, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМка билдирди.
«Түнкү саат 3:18де кичи маркеттердин бири күйүп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге биринчи күжүрмөн эсеп чыгып кеткен. Андан соң, тилсиз жоонун аянты чоң болгондуктан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Өрттүн жайылганына байланыштуу саат 4:12де Караколдон 2, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жана 28 куткаруучу, 3 офицер жеринде иштеп жатат»,- деп айтылат маалыматта.
учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү боюнча иштери жүрүп жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда. Эки соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 чарчы метрлик аянтты кучагына алган.
Маалыматка караганда, жабыркагандар жок.