2024-жылдын 5-майдан он бирине чейинки окуялар тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-спикер, азыр Кыргызстан-Өзбекстан достук коомунун президенти Бахтияр Фаттахов менен маек.
Москвада 9-май күнү Улуу Жеңиш менен байланышкан салтанаттарга Борбор Азия жумурияттарынын жетекчилери чогуу барып, чогуу жүргөнү, өзгөчө кыргыз президенти Садыр Жапаров Орусия президентинин жанында туруп, жанында басканы кубандырды. Талкууланган негизги маселелерден тышкары, бул – Борбор Азиялык жетекчилердин жалпы саясаты жана өнүгүүсүнүн жалпы багыты бир экенин көрсөтөт. Кандай болгондо да, Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курула баштаганы, бул – Кыргызстанга ырыс келгенинин белгиси. Бул маселе канча жылдан бери талкууланып келген, канча президенттер менен премьерлер ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп, чечим чыгарган, бирок долбоор эми гана ишке ашып жатат. Аны менен мамлекетибиз туңгуюк өлкө дегенден кутулуп, транзиттик мамлекетке айланат жана аны менен Кыргызстан дүйнөлүк базарга чыгат.
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Фергана шаарында жолугуп, аймактагы коопсуздук маселелерин биргелешип чечүү тууралуу макулдашканы дагы мени өтө кубандырды. Шавкат Мирзиёев өзбек президенти болуп шайланганда: биздин эң биринчи максат – кошуна мамлекеттер жана кошуна элдер менен достукта жашап, баардык маселелерди чогуу, биргелешип, бир максатта чечүү керек деген.
Мен 30 жылдан бери Кыргызстан-Өзбекстан достук коомун жетектеп келем, «Манас» эпосун биз биринчилерден болуп өзбек тилине которгонбуз, бизден кийин гана «Манас» тажик тилине жана андан соң украин тилине которулду. Мен дайым – кыргыздар менен өзбектер теги бир элдер, биздин тарыхыбыз гана эмес, келечегибиз да бир деп айтып келем.
Негизги окуялар:
– Президент Жапаров Москвага барып, 8-майда Евразиялык экономикалык бирикменин бийик жолугушуусуна, Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына, андан соң 9-майда Жеңиш күнү менен байланышкан салтанаттарга катышып келди.
– Беларустун борбору Минск шаарынын №11 орто мектебине Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиевдин ысмы берилди.
– Кыргызстанда дагы майрамдык иш-чаралар өттү. Өлкөдө азыр кырктай согуш ардагери калыптыр, бийлик быйыл аларга 100 миң сомдон бөлүп берди, бул – 1100 доллардын тегерегинде. Орусияда согуш ардагерлерине 10 эсе аз, 110 доллардан бөлүнүптүр.
– Орус президенти Путин Кыргызстандын Москвадагы элчиси Гульнара-Клара Самат менен президенттик администрациянын бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиевди «Достук» ордени менен сыйлады.
– 3-май – Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү, Париждеги «Чек арасыз репортёрлор» деген уюм дүйнөлүк рейтинг жарыялады, анда Кыргызстан 1800 мамлекеттин ичинен 120-орунга коюлуптур, былтыр өлкө 122-болгон. Баардык башка Борбор Азиялык өлкөлөр жана Орусия дагы Кргызстандан артта.
– 5-майда Конституция күнү, ал эми 10-майда кыргыз сомунун күнү белгиленди.
– Ала-Тоо кинотеатрынын жанында Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги орнотулду, бирок анын расми ачылышы боло элек. 2017-жылы коюлган Алмаз Кожогуловдун эстелиги 2 жылдан кийин алып салынган.
– Эдуард Кубатов 8163 метр бийик Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан жашы эң улуу эркек адам катары Гиннес китебине кирди.
– Коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия коомдук талкууга коюлду.
– Жаңы түзүлгөн Стратегиялык демилгелер институтун жетектөөгө Санжар Муканбетов дайындалды.
– Президент Жапаров 6-май күнү Ошко барганда, Кытай-Кыргызстан-Өзекстан темир жолу октябрдан тартып курула баштайт деп билдирди.
– Ош шаарында болгондо, президент Раззаков атындагы жаңы мектепти ачты жана өлкөнүн ар башка аймагындагы 9 мектеп менен 2 бала-бакчанын ачылышына онлайн түрүндө катышты.
– Акылбек Жапаров Кумтөр кенине барып, жер алдындагы иштер жана жалпы эле кендин абалы менен таанышты.
– 28-апрелде Ош, Кара-Суу жана Баткенде бир мандаттуу шайлоо чөлкөмдөрүндө өткөн шайлоонун жыйынтыктары чыгарылды – Оштон Бекмурза Эргешов, Кара-Суудан Илимбек Кубанычбеков жана Баткенден Бактыяр Калпаев Жогорку кеңешке депутат болду.
– Жогорку кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жетекчиси болуп Адахан Мадумаровдун ордуна Исхак Масалиев шайланды.
– Жазуучу Олжобай Шакирдин сотунда 8-май күнү прокурор аны 7 жылга эркинен ажыратууну талап кылды.
– Экономика министри Искендербек Маматовдун айтымында, айыл аймактарын ирилештирүүдөн мамлекет 900 млн сом үнөмдөдү.
– Ысык-Көлдө Каракол – Балбай-баатыр жолун оңдоп-түзөөгө Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы тарабынан 47 млн 700 миң доллар бөлүү чечими бекитилди.
– Токтогул суу сактагычына кирген суунун көлөмү азыр чыкканынан дээрлик 2 эсеге көп болууда.
– 6-май күнү Фергана шаарында кыргыз, өзбек, тажик атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев, Абдусалом Азизов жана Саймумин Ятимов жолугуп, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулады.
– Өзбекстандагы Барак эксклавынын Кыргызстанга көчүп келген тургундары үчүн Жаңы-Барак деген айыл курула баштады, анын пайдубалын салууга президент Жапаров да катышты
– Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев Бириккен Улуттардын Нью-Йоркто өткөн токой форумунда чыгып сүйлөп, Кыргызстан жыл сайын 6 млн бак көчөтүн отургузат деп билдирди.
– 7-май күнү Болот Темиров Москвадан – былтыр Кыргызстандан 1,5 тонна алтын куйма түрүндө чыгарылып кеткен болушу мүмкүн деген иликтөө чыгарды, ошол эле күнү вице-премьер Байсалов аны провокация деп атады, ал эми 10-майда президент Жапаров «Кабар» агенттигине интервью берип, бир да грамм алтын өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган эмес жана чыгарылбайт деп айтты.
– Эл аралык футбол федерациясы алгачкы жолу футзал боюнча рейтинг жарыялады, кыргыз жигиттери 139 өлкөнүн ичинен 41-орунду, кыз-келиндер болсо 69 мамлекеттин ичинен 66-орунда экен.
– «Ак илбирс» жарым марафонун уюштургандар бир жарым миллион сом чогултуп, ага Бишкектеги Ботаникалык бакка керектүү техника сатып берди.
– Бишкекте троллейбустарды жок кылып, алардын ордуна электробус жүргүзүү боюнча мэриянын планына коомчулук каршы чыгууда.