7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Чыңгыз Айдарбеков: Элдик курултай кыргыз коомунда өз ордун тапты

235

2024-жылдын 15-декабрдан 21ине чейинки окуялар тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен маек.

– Элдик курултай тууралуу конституциялык мыйзам кабыл алынгандыктан, Үчүнчү элдик курултай жогорку тартипте жана уюштуруу иштери боюнча дагы жогорку денгээлде өттү, ошондуктан, Элдик курултай кыргыз коомунда өз ордун тапты десе болот. Мурдагы курултайлар менен Жогорку Кеңеш же өкмөт ортосунда ар башка чыңалуулар болгон. Ал эми Курултайдын кайсы бир түзүмү мыйзам долбоорлорунун демилгечиси болоору тууралуу тиешелүү кагаздар Жогорку Кеңешке келип түшсө, биз аларды мыйзам чегинде карап чыгууга даярбыз.

– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан чегиниши тууралуу ар башка ойлор айтылууда, ал тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты жана президент Садыр Жапаров өзү дагы министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилип жатканда парламентке келип, өз пикирин билдирди. Жаңы жетекчи болуп бекитилген Адыл Касымалиев деле мурда ошол эле тармакка куратор болуп келген, ошондуктан, бекитилип жатканда, ага дагы бир топ курч суроо берилди.

– Улуттук илимдер академиясынын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөнү абдан жакшы, бирок, аны менен кошо, илим тармагы түп тамырынан бери реформаланууга муктаж. Жана аны менен кошо билим берүү тармагы дагы «бир пакетте» жаңыланууга тийиш, анткени билим менен илим аркылуу гана кандай болбосун мамлекет тийиштүү деңгээлде өнүгүп, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр катарына кошула алат. Тилекке каршы, мурдагы бийликтер тарабынан 30 жыл бою илимге жетиштүү көңүл бурулбай келген.

– Бүткүл 2024-жыл бою биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилеп, ар башка денгээлде ар башка иш-чара өткөрүп келдик. Президент Садыр Жапаров 25-июлда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндөгү атайын жарлыкка кол койду жана ал аталар 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлөөрү менен дароо – ал облусту автономиялык республикага айлантуу аракеттерин көрө баштаган жана 2 жылдан кийин ал максатына жектен…

Жуманын негизги окуялары:

– Кечээ жана бүгүн Бишкекте Үчүнчү элдик курултай болуп өттү, ага өлкөнүн ар башка аймагынан жана чет мамлекеттердеги диаспоралардан тандалган 700 делегат катышты.

– Курултай учурунда – мыйзам долбоорлорун демилгелей ала турган жумуш тобу түзүлдү, ал даярдаган долбоорлор Жогорку кеңешке сунушталат.

– Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Элдик курултайда – кичи жана орто бизнестин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшүн азыркы 40 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүүгө / жана банктарды – жөн гана насыя берүүчү эмес, инвестор болууга чакырды.

– 19-декабрда президент Жапаров «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» деп аталган уңгужолго кол койду, аны иштеп чыккан авторлордун айтымында, бул доктрина – узак мөөнөттүү идеология жана стратегия боло алат.

 

– 17-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күтүүсүздөн кызматынан кетти, эртеси анын ордуна Адыл Касымалиев дайындалды, президент Садыр Жапаров болсо өзгөрүүлөрдү – Салык кызматындагы кемчиликтер менен байланыштырды.

– Салык кызматынын жаңы төрагасы болуп 18-декабрда Алмамбет Шыкмаматов дайындалды, анткени мурдагы жетекчилер камакка алынгандан кийин төраганын милдетин 7-декабрдан бери аткарып келген Кыдыкбек Кыдыров дагы таза эмес болуп чыкты.

– Президент Жапаровдун айтымында, ички дүң өндүрүм 2020-жылы 639 млрд сом болсо, быйыл бир жарым триллион болоору күтүлүүдө, мамлекеттик бюждет 2020-жылы 247 млрд сом болсо, быйыл 687 миллиардга жетет.

– 17-декабрда Опера жана балет театрында журналисттерге президенттик «Мейкин» сыйлыгы тапшырылды, 10 номинациядагы 10 журналист бир млн сомдон алды.

– 16-декабрда өлкөнүн 90 мыкты студентине 60 миң сомдук президенттик стипендия берилди.

 

– 19-декабрда Илимдер академиясынын жаңыланган имараты кайра ачылды, салтанатка президент Садыр Жапаров да катышты. 1964-жылдан бери имараты ондолбогон Академиянын ремонт иштерине мамлекет 500 млн сом бөлгөн.

– Президент Жапаров Илимдер академиясына келгенде – окумуштуулардын абалына учурунда жетиштүү көңүл бурбаганы үчүн бийлик күнөөлүү, бирок илимпоздордун илимий иштери дагы көңүл жылытаарлык эмес деп билдирди.

– Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиев 20-декабрда Элдик курултайда чыгып сүйлөп, эмдиги жылы билим берүү министрлиги– жогорку билим менен илим жана агартуу деген 2 министрликке бөлүнөт деп билдирди.

– Эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбековдун 18-декабрда билдиргенине караганда, Кыргызстанда алгачкы жолу сөөк чучугун алмаштыруу боюнча операция жасалды.

 

– 2024-жыл аяктап баратат, быйыл бүт Кыргызстан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөнүнүн 100и жылдыгын белгиледи

– 19-декабрда Жогорку кеңеш – жалаа жабуу тууралуу мыйзамды кабыл алды, маалымат каражаттарында же интернетте кимдир бирөө башкага жалаа жапса жана ал жалаа экени далилденсе, жеке адамдар 20 миң, уюмдар – 65 мин сомго чейин айып төлөп калышы мүмкүн.

– 19-декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын талкуулап, 13-ноябрда камакка алынган Темирлан Султанбековду бошотууга чакырды. Кыргыз тышкы иштер министрлиги ошол эле күнү Европарламенттин резолюциясын – эгемен мамлекеттин ички иштерине одоно кийлигишүү деп сыпаттады.

– Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 18-декабрда билдиргенге караганда, Кыргызстандагы «Шумкар» ишканасы кытайлык «Шахман» оор жүк ташуучу машинелерин чогултуп-чыгара баштады. Алар азыр сыноодон өтүүдө.

– Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков сунуштаган жана милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 19-декабрда четке какты.

 

– Баш прокуратура 18-декабрда билдиргенге караганда, Бишкектин Ленин районунун жана Чүйдүн Аламүдүн районунун аскерий комиссарлары кармалып, камакка алынды.

– 19-декабрда Жогорку кеңеш – депутаттар Айсулуу Мамашова менен Айсулуу Исатбек кызы даярдаган мыйзам долбоорун кабыл алды, ага ылайык, мамлекеттик ооруканаларда жетекчи болуп иштегендерге – ошол эле учурда жеке менчик ооруканаларда иштөөгө тыюу салынды.

– 19-декабрда президент Садыр Жапаров Дүйшөнкул Чотоновду – Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кылып дайындады. 2011-2015-жылдарда Чотонов Түштүк Кореяда элчи болуп иштеген, ага чейин Жогорку кеңештин депутаты болгон.

– Энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-декабрда билдиргенге караганда, эмдиги жылдын май айынан тартып электр энергиясына болгон тарифтер жогорулай баштайт.

– Пандемия учурунда токтоп калган Бишкек-Москва жана Москва-Бишкек поезд каттамы 18-ноябрда кайра аткарыла баштады.

– 19-декабрда Жогорку кеңеш 2-окууда кабыл алган мыйзамга ылайык, Укук академиясынын ректорун мындан ары баш прокурор дайындайт.

236