7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Эржан Сулайман: Бишкектеги акыркы өзгөрүүлөр абдан жакшы, бирок мындан да жакшы уюштурса болмок

382

2024-жылдын 8-июлунан 13-июлга чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу, укукчу жана адам укуктары боюнча адис Эржан Сулайман менен маек.

– Дүйнөдөгү акыркы окуялар менен байланыштуу, Орусия Федерациясы менен Кыргызстан эч кандай мамиле түзбөй, кызматташпаш керек деген дагы пикирлер айтыла баштады, аны менен катар, мурдагыдай эле алакаларын үзбөстөн ишетеше бериш керек дегендер дагы арбын. Бирок Кыргызстандын бүгүнкүсү да, эртеңкиси дагы кошуна мамлекеттер менен (алар ичинде Орусия менен дагы) болгон байланыштардан баш тарта тургандай шартыбыз жок. Эң негизгиси – Кыргызстан өз улуттук кызыкчылыктарын көздөп аракетттенүүгө тийиш.

– Бишкектин көчөлөрү кеңейтилип, борбордук аянттагы фонтандардын алмаштырылып жатканын, албетте, оң көрүнүш деп баалаш керек, андан кемчилик издеп, жалпылаштыруунун кереги жок, бирок өзгөрүүлөрдү мындан да жакшы уюштуруу мүмкүн эле. Мисалга, алынып жаткан жаңы автобустар эки гана эшиктүү – үч эшиктүү болсо, азыркыдан да жакшы болмок. Андан тышкары, майып адамдар коляскасы менен автобуска кирүүгө мүмкүн эмес же автобустарда кондиционерлер да жок экен, мунун баарын кийинкиге эсте сакташ керек…

– Президент Садыр Жапаровдун ысырапкорчулукка каршы айтып жатканын коомдун көпчүлүгү колдоп жатат, ал тууралуу социалдык тармактарда дагы кеңири талкуу жүрүүдө, көрүстөндөрдөгү өтө обу жок ири эстеликтер тургузулуп же тойлор менен аштар учурунда орун алган эбегейсиз гигантоманиядан эч кимге пайда жок экени талашсыз. Ошол эле учурда, коомго сиңип кеткен салттан дароо баш тартуу дагы мүмкүн эмес, ошондуктан салтты да сактап, бирок аша чаап кеткенден дагы алыс болгон жакшы, бул жактагы кур намыстан арылышыбыз керек…

Жуманын негизги окуялары:

– Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү Орусиянын Екатеринбург шаарында «Иннопром» көргөзмөсүнүн ачылышына жана XI регион-аралык конференцияга катышып, андан соң Красноярск шаарына да барды.

– Екатеринбургда өткөн конференцияда чыгып сүйлөп, Акылбек Жапаров – Кыргызстан кайрадан өнөр жайы өнүккөн мамлекетке айланып баратат деп билдирди.

– Красноярскта Акылбек Жапаров жана Орусиянын вице-премьери Алексей Оверчуктун төрагалыгы алдында өкмөт аралык кыргыз-орус комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

– Алматы шаарында жайгашкан Евразиялык өнүгүү фонду чыгарган акыркы отчётто – 2024-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 8,8 пайызга, ал эми соода тармагы 19 пайызга өскөнү айтылат.

– Улуттук Статкомдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын биринчи 5 айында Кыргызстан боюнча орто айлык 34 миң 700 сом болду.

– УКМК төрагасы Ташиев 12-июлда «Жетинчи каналдын» жетекчиси Илязбек Балташевге интервью берип, мындан бир апта мурда кармалган террорчулар – милиция кийимин кийип, элге ок атып, кийин формасын чечип, эл тарапка өтүмүш болуп, козголоң уюштурууну көздөгөн деп билдирди.

– Өткөн аптада Жогорку кеңештин 3 жаңы депутатына мандаттар тапшырылды – Бишкектин Свердлов чөлкөмүнөн Жумабек Салымбеков, Көлдөн Айжигит Тыналиев жана Ноокаттан Бакытбек Марипов шайланды.

 

– Бишкектин негизги көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат, 4 тилкелүү көчөлөр кеңейтилип, 6 тилкелүүгө айланууда, бирок троллейбустар толугу менен Бишкектен чыгарылмай болду.

– Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, асмандагы кабелдин баары жер алдына жашырылып жатат, ошондуктан троллейбустар алынат, андан тышкары, троллейбустарга караганда электробустар мобилдүүрөк.

– Ак үйдүн алдындагы фонтандар алмаштырылды, азыр Ала-Тоо аянты толугу менен өзгөртүлүп, ал жердеги фонтандар дагы толугу менен кайра жасалып, 31-августка карата музыкалуу фонтанга айланыш керек.

– Бишкек мэри жана анын орун басарларынан кийин Эмгек министрлигинин кызматкерлери дагы жумушка коомдук автобус менен келе баштады.

– Анкаранын мэри Мансур Яваш Бишкекке келип, мэр Айбек Жунушалиев менен – Бишкектеги Ататүрк паркын ондоп-түзөө маселелерин талкуулады.

– Маданият министрлиги 10-июлда Маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун акыркы, 6-вариантын коомдук талкууга чыгарды.

– Кыргыз аскерлери Казакстандын Мангыстау облусунда башталган «Бирлестик-2024» машыгуусуна катышып жатат, машыгуу 17-июлга чейин уланат.

– 9-июлда «Ала-Арча» көрүстөнүндө Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды, ал былтыр 6-февралда 81 жашында каза болгон.

 

– Кечээ күнү, 12-июлда, КТРдин «Алатоо-24» телеканалы көрүстөндөр тууралуу атайын программаны обого чыгарды, анда президент Садыр Жапаров – көрүстөндөрдө өтө чоң эстелик орнотуп, жерди короо менен коруп койгонго каршы чыкты.

– Көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу тууралуу дагы Мамлекеттик курулуш комитетине тапшырма берилиптир. Мындан 2 жыл мурда, 2022-жылдын февралында президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү тууралуу жобого кол койгон.

– Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиев Орусиянын Санкт-Петербургуна барып, КМШнын парламент аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйынына жана БРИКС уюмунун форумуна катышты.

– Биринчи айым Айгүл Жапарова Беларуска барып, «Славянский базар» фестивалынын ачылыш аземине жана фестивалдын өзүнө күбө болду.

– Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун айтымында, үстүбүздөгү жылы ондон ашык сот кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

– 2022-жылдын 28-сентябрында кармалган ошол кездеги билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев соттун чечими менен бир жарым миллион сом айып пул төлөөгө кесилди.

– Париждеги Олимпиада аяктагандан кийин, ошол эле стадиондордо өтө турган майыптар үчун Паралимпиадага Кыргызстандан азырынча эки спортчу лицензия алды – Гүлназ Жузбаева жана Айтунук Жоомарт кызы.

 

– Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызына үйлөнөм деген Автандил Сабырбеков, анын бир тууганы жана дагы бир нече адам баңги зат бизнесине аралашкан деп 5-июлда камакка алынды.

– Султан Раев – баш ордосу Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан Европанын так илимдер академиясынын толук ыйгарым мүчөсү болуп шайланды.

– Беларустун Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Сергей Молунов дайындалды, мурдагы элчи Андрей Страчконун ыйгарым мөөнөтү мартта аяктаган.

– Алимент төлөөдөн качкандарга каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу мыйзамга президент кол койду, Жогорку кеңеш ал мыйзамды 29-май күну кабыл алган.

– Сентябрда Астанада өтө турган Көчмөндөр оюнуна Кыргызстандан катыша турган 268 спортчу тандап алынды.

383