2024-жылдын 9-июнунан 15-июнга чейинки окуялар тууралуу экономист Искендер Шаршеев менен маек.
– Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга арналып, Вена шаарында өткөн эл аралык инвестициялык форум Кыргызстан үчүн өтө маанилүү жана пайдалуу окуя болду. Ар башка банктар жана башка эл аралык уюмдардын катарында, менин билишимче, ОПЕК уюму дагы болгон, бул уюмга мунай экспорттоочу өтө бай араб мамлекеттери дагы кирет. Анткен менен, жасала турган иштер дагы көп, ар бир кызыккан мамлекет жана уюм менен дыкат келишимдер түзүлүп, көптөгөн сүйлөшүү жүргүзүлүп, андан да көп кагаздар жазылыш керек.
– Жай айлары келгени менен Кыргызстанда туристтик сезон башталды, Ысык-Көлдө азыр көптөгөн пансионат, эс алуу жайлары менен мейманкалар иштей баштады, бирок алардын айрымдарынын саркынды сууларын тазалай турган системалары жок, ошондуктан өкмөт алардын ишине туура чектөө коюп жатат. Көлдүн экологиясын бузуп албаш үчүн өтө жоопкерчиликтүү мамиле керек, анткени табийгатты таза кармоо – баарыбыздын жана ар бирибиздин милдетибиз.
– Өтүп бараткан аптада айрым соодагерлер ишкерликти санариптештирүүгө каршы митингге чыгып, мурдагы патент системасын калтырууну талап кылды. Аларды түшүнсө болот, анткени көптөгөн товар чек арадан жана бажыдан санариптештирилбей өтүп кетет, ал эми салык органдары чекене соода кылган жеке ишкерлерден санарип документтерин талап кылат, мындай иштер болсо өтө коп эмгек жана убакыт алат. Эгер Кыргызстандын чек арасына келгенде эле алардын баары алдын ала санариптештирилген болсо, мынчалык маселе жаралбайт эле…
Жуманын негизги окуялары:
– Вена шаарында 10-11-июнда Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум болуп өттү, анда каралган негизги маселе – Камбарата-1 ГЭСин куруу жана ага каражат чогултуу болду.
– Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетика министрликтери ортосунда Камбарата-1 боюнча 3 тараптуу келишимге кол коюлду.
– Камбар-Ата-1 боюнча координациялык комитет тузүлдү, ага Дүйнөлүк банк баштаган бир нече банк кирди жана комитеттин биринчи жыйынын күз айларында өткөрүү пландалды.
– Венадагы форумдун алкагында кыргыз Экономика министрлиги Эл аралык финансы корпорациясы менен күн энергиясы менен иштеген эки станция тууралуу келишимге кол койду.
– Жогорку кеңеште 13-июнда уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салган 2019-жылдагы мыйзамды жокко чыгарган жаңы мыйзам кабыл алынды.
– Кемпир-Абад боюнча күнөөлөнүп жаткандардын ар бирин прокурорлор 20 жылга эркинен ажыратууну талап кылган, бирок Биринчи май районунун соту Марат Сыдыков кечээ күнү, 14-июнда, алардын баарын актады.
– Курман-айт намазы 16-июнда Бишкектин борбордук аянтында эмес, мечиттерде гана өткөрүлмөй болду.
– Кайгылуу Ош окуяларынын 14 жылдыгы белгиленди.
– Чолпон-Атада туризм сезонунун башталгандыгы менен байланыштуу салтанаттар өткөрүлдү.
– Ысык-Көлдө туристтик көргөзмөнүн ачылышында экономика министринин орун басары Санжар Болотов –биз Кыргызстанда «Кыргыз Куршевелин» курабыз деп билдирди. Кийин Акылбек Жапаровдун буйругу менен «Кыргыз Куршевель» деген мамлекеттик ишкана түзүлдү.
– Жогорку кеңеште – Ысык-Көлдөгү курорт, пансионат, конок үйлөрүн чет өлкөлүк жарандарга сатууга уруксат берген мыйзам кабыл алынды.
– Ысык-Көл районунда бир нече пансионаттын иши токтотулду, анткени алардын саркынды сууну тазалоо системалары жетиштүү денгээлде эмес экени аныкталган.
– Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытай ортосунда 6-июнда Бээжин шаарында кол коюлган темир жол тууралуу келишимди бекитүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду.
– Бишкек мэриясында отун-энергетика комплекси боюнча депаратмент түзүлдү, анткени ТЭЦ менен «Бишкекжылуулук» тармагы мэриянын карамагына өттү.
– Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиевдин айтымында, акыркы 2 жылда Кыргызстанга сырттан 240 миң эмгек мигранты кайтып келди.
– «Дордой» жана башка базарлардын кызматкерлери митингге чыгып, санариптештирүүгө каршы жана 1-январдан бери жоюлуп жаткан патент системасына кайтууну талап кылды.
– Түрк адистеринин жардамы менен Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы 2 операция жасалды, чыгымдын баарын өзүнө мамлекет алган.
– Билим берүү министрлиги түзгөн рейтинг боюнча, жогорку окуу жайлар ортосунда биринчи орунда Медициналык академия, андан соң «Ала-Тоо» университети жана 3-орунда Раззаков атындагы техникалык университет турат.
– Өкмөттүн даярдалып жаткан токтому менен баардык гимназиялар менен лицейлер Кыргызстанда кадимки мектептер болуп өзгөртүлөт.
– Президенттин жарлыгы менен журналисттерге жыл сайын берилүүчү «Мейкин» сыйлыгы негизделди, анын биринчи лауреаттары 7-ноябрга карата жарыяланат.
– Көзү азиз Гүлназ Жүзбаева – Парижде өтө турган Параолимпиадага жолдомо алды, ал 1500 метрге коштоочу менен чуркайт.
– Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы D группасында экинчи орунду ээлеп, андан өйдөкү тепкичке чыкты, бирок башкы тренер Штефан Таркович менен контракт узартылган жок.
– Экинчи Эл аралык Бишкек кинофестивалы болуп өттү, бүгүн аяктап, азыр сыйлыктар берилип жатат болуш керек.
– Жылдыз Полотова эмгек министри болуп дайындалды.
– Декабрда Иран менен ЕАЭБ ортосунда тузүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстандан Иранга товар экспорттогондо, бажы төлөмдөрү 17 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөйт деп айтылууда.
– Курамында алтын бар кум же башка заттарды Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салган жана 2022-жылдын 26-октябрында кабыл алынган чечим жокко чыгарылды.
– УКМКнын айтымында, мурда Баткенде мыйзамсыз сатылып кеткен 24 жер тилке мамлекетке кайтарылды, алардын жалпы баасы 20 млн сом экен.
– Аймактык-административдик реформанын жыйынтыгында Ысык-Көл облусундагы 61 айыл аймагынын саны 22ге чейин кыскартылат деп айтылууда.
– Балыкчы шаарында менчиктештирилип кеткен бала-бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды, анын баасы 52 млн сом экен.