7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Кайрат Итибаев: Өкмөт саясий маселелерди колго алып, уюштуруу иштерин Соода-өнөр жай палатасы бүтүрсө болот

279

2024-жылдын 16-июнунан 29-июнга чейинки окуялар тууралуу Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев менен маек.

– Менин билишимче, президент Садыр Жапаров Брюсселге барганда, кыргыз авиакомпанияларын европалык «кара тизмеден» чыгаруу маселеси да көтөрүлгөн, бул – абдан туура аракет. Биздин авиакомпаниялар бул «кара тизмеде» 2006-жылдан бери катталып келет, бирок 18 жыл ичинде ал тизмеден чыгуу багытында жакшылыктуу аракет көрүлгөн эмес. Ал үчүн маселенин артынан түшүп, Евробиримдик койгон ар бир талапты биринин артынан бирин чечип, аракеттениш керек. Бирок эми маселе ордунан жылат деген үмүт пайда болду.

– Кытай менен кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү – эң туура чечим, анткени Кытай – биздин кошуна мамлекеттердин ичинен эң өнүккөн өлкө. Бир кезде мен – Кытай менен кызматташуу боюнча атайын илимий-изилдөө институтун негиздөө керек деген демилге көтөрдүм эле. Азыр ар башка мамлекет менен өнүктүрүү фонддору түзүлө баштады, бул дагы туура жана Кытай менен болгон экономикалык мамилелер канчалык кеңейсе жана тереңдесе, Кыргызстан үчүн бул ошончолук жакшы.

– Жума ичинде бир нече бизнес-форум болуп өттү, бул абдан жакшы, бирок андай аракеттин баарын системалаштырсак, андан да жакшы болоор эле. Ал үчүн баардык бизнес маселелерин Соода-өнөр жай палатасы аркылуу чечсе болот, анткени ал палата бизнес ишканаларынын баарынын башын бириктирип, алардын маселелери окшош болгондуктан, ылдам жана туура чече алмак. Өкмөт менен Өнөр жай министрлиги саясий маселелерди колго алып, ал эми баардык уюштуруу жана каттоо маселелерин Соода-өнөр жай палатасы өз мойнуна алса, иш азыркыдан да ылдам илгерилемек…

Жуманын негизги окуялары:

– Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгияга иш сапар менен барып келди. Брюсселде ал Бельгиянын падышасы Филипп, Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жана башка жетекчилер менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады.

– Брюсселде Евробиримдик менен Кыргызстан ортосундагы кеңири кызматташуу боюнча келишимге тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, башкы евродипломат Жозеп Боррель жана Еврокомиссиянын торайымынын орун басары Валдис Домбровскис кол койду.

– 27-июнда Кыргызстанга ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы иштер министри Ийэн Борг келип, президент Жапаров, спикер Шакиев, тышкы иштер министри Кулубаев, Чек-ара кызматынын башчысы Шаршеев менен жолугуп кетти.

– Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстанга келип, аны президент Садыр Жапаров кабыл алды.

– 24-июнда Кыргызстан элинин ассамблеясынын мааракелик жыйыны болуп өтүү, ал мындан 30 жыл мурда түзүлгөн жана азыр 30га жакын маданий борбордун башын бириктирет

– Бишкектеги Онкология борборунда МАГАТЭ жана «Росатомдун» жардамы менен өзөктүк изотоптор менен диагностика кылуу бөлүмү ачылды.

– Эртең, 30-июнда, Ноокат, Ысык-Көл жана Бишкектин Свердлов райондорунда Жогорку кеңеште бошогон орундарга шайлоо өткөрүлөт.

 

– Акылбек Жапаров Үрүмчүгө барып, «Кытай – Евразия ЭКСПО» көргөзмөсүнүн ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.

– Үрүмчүдө Акылбек Жапаров өзбек премьери Абдулла Арипов менен жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселесин дагы бир жолу талкуулады.

– Акылбек Жапаров Шинжаңдын компартиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп, чек арадагы Бедел өтмөгүн быйыл ачуу жана Барскоон – Үчтурпан – Аксу жолун кура баштоо жөнүндө макулдашты

– Акылбек Жапаров Үрүмчүдө ар башка кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, автомобиль куруу, бамбуктан кагаз чыгаруу, андан тышкары тоо-кен тармагында Кыргызстанда литий өндүрүү маселелерин талкуулады.

– Ысык-Көлдүн Кара-Талаа деген аймагында кубаты 400 мегаВаттка жеткен күн электр станциясын куруу тууралуу дагы Үрүмчүдө инвестициялык долбоорго кол коюлду.

– Баардыгы болуп Үрүмчүдө Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик жана бизнес уюмдары ортосунда түзүлгөн келишимдердин жалпы баасы бир жарым млрд долларга жетти.

– 2021-жылдан бери Улуттук банктын төрагасы болуп иштеген Кубанычбек Бөкөнтаев 24-июнда кызматынан кетти. Эки күндөн кийин анын ордуна Жогорку кеңеш экология министри Мелис Тургунбаевди бекитти.

– «Манас» академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев дагы кызматынан кетти.

 

– 26-27-июнда Бишкекте саламаттык сактоо тармагына инвестиция салуу боюнча Борбор Азиядагы биринчи форум болуп өттү.

– 27-июнда Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун Эл аралык бизнес-форуму уюштурулду.

– 27-28-июнда кошуна Алматы шаарында Евразияны өнүктүрүү боюнча эл аралык форум болуп өттү.

– Уран менен торий кендерин иштетүугө уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 27-июнда кол койду, мурдагы мораторийди алып салуу боюнча мыйзамды ЖК 23-июнда кабыл алган.

– Ноокаттагы Абшыр-Ата өрөөнүндө жүргөн катуу сел 6 адамды алып кеткен, азырынча алардын бешөөнүн гана денеси табылды.

– 27-июнда 90 жашында Кыргыз эл артисти, кино ардагери, сүрөтчү Сагын Ишенов кайтыш болду.

– 26-июнда Бишкекте театр тармагындагы ар башка номинацияда улуттук «Эргүү» сыйлыгы тапшырылды, «Эң жакшы оюн» деп Султан Раевдин «Күн кармаган бала» деген чыгармасы боюнча Жантөшев атындагы Ысык-Көл театры койгон оюн аталды.

– Иорданияда 17 жашка чейинкилер ортосунда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстан 2-орунду ээледи, кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш жана бир коло медаль алган.

– Кыргызстандык 2 дзюдочу – Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу – лицензия алгандыктан, июлда Парижде өтө турган Олимпиадага катыша турган кыргыз спортчуларынын саны 15ке жетти.

 

– Президент Жапаров Жогорку кеңешке сунуштаган мыйзам долбоору боюнча, Улуттук банктын ишин Эсеп палатасы текшерүүгө укуктуу болууга тийиш.

– 26-июнда Жогорку кеңеш электрондук сигаретти сатууга жана пайдаланууга тыюу салган мыйзам кабыл алды.

– Кыргыз мектептериндеги окутуу сапатын жакшыртууга Азия өнүктүрүү банкы 25 млн доллар бөлүп бермей болду.

– Мектептерде сабак учурунда кол телефондорду колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку кеңештин комитети жактырды.

– Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаевди УКМК камакка алды.

280