2024-жылдын 1-апрелинен 6-апрелге чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев менен маек.
Негизги окуялар:
– Президент Жапаров – чет өлкөлүк өкүлдөр тууралуу мыйзамга 2-апрелде кол койду.
– Кыргызстанга Кытайдын Шинжаң автономиялык аймагынын өкмөт башчысы Эркин Тунияз келип кетти, аны президент Жапаров кабыл алды.
– Жылдын биринчи чейрегиндеги дүң өндүрүм 248 млрд сом болуптур. Кийин да ушундай өсүү сакталса, бир жылдык дүң өндүрүм 1 триллион сомго жетет.
– Акылбек Жапаров – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу $8 млрд айланаарын айтты.
– 24.кейджи агенттигинин иши 2-апрелде токтотулуп, 15-январда камакка алынган кеңсеси жана мүлкү кайтарып берилди.
– Маданият министрлиги – инсанга жалаа жабуу же жалган маалымат таратуу үчүн жаза каралган беренелерди Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске киргизүүнү сунуштады.
– Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн абалын жана селдерди көзөмөлдөө долбооруна Дүйнөлүк банк $50 млн бөлө турган болду.
– УКМКнаны төрагасынын айтымында, былтыр УКМКда 33 адам кызматынан алынып, бешөөнө каршы кылмыш иши ачылыптыр, быйыл биринчи эле чейректе 3 адамдын иши аскерий прокуратурага өткөрүлүптүр.
– Президент Жапаров – жылуулук чыгарган ишканаларды жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүүнү тапшырды.
– УКМКнын төрагасы Ташиевдин айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында казынага 100 млрд сомдон ашык каражат кайтарылды.
– Салык кызматы биринчи чейректе эле 65 млрд сом салык чогултптур, ошондо бир жылда 260 млрд сом болот. 2022-жылы бир жылда 207 млрд сом чогутлуган экен.
– Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 100 пайыз акциялары президенттин иш башкармалыгына өттү.
– Акылбек Жапаровдун айтымында, ипотекалык курулушка быйыл 2 млрд сом каралган, бирок президент 10 млрд тапкыла дейт.
– Президенттик администрация – мамлекеттик ипотекалык компанияга үй куруу үчүн жер бербей жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жазаланат деп билдирди.
– Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң төмөнкү көрсөткүч 7 млрд 192 млн куб метрге жетип, акырындап көбөйө баштады.
– 2023-жылы өлкөдө 740 миң адам 51 млрд сом микронасыя алыптыр. 2022-жылга караганда, жалпы көлөм 30 пайызга жогорулап, адамдардын саны – 10 пайызга өскөн.
– Министр Алымкадыр Бейшеналиев менен депутат Жусупбек Коргонбай уулу тирешкенден, атайын парламенттик комиссия түзүлдү.
– Мектеп директорлорунан пара талап кылганы үчүн Эсеп палатасынын инспектору кармалды.
– Акылбек Жапаровдун айтымында, томолой жетимдер 18 жашка толгондо, мамлкеттен 500 миң сомдон алат. Өлкөдө азыр 1900 жети бала бар экен.
– «Ак-Кула» ат майданы турган 45 га жер аукционго коюлат экен, баасы 8 млрд 700 млн сом, ошондоо бир сотка 210 миң доллардын айланат экен.
– Таиландда оор атлетика боюнча Дүйнө кубогу, Арменияда өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунда кыргыз спортчулары медалдарга ээ болду.
– Кыз-келиндер арасында футбол боюнча олк чемпионаты башталды.
– «Каракол» лыжа базасына ноябрдан апрелге чейин 200 миң турист келип кетиптир, былтыркыга караганда бул 20 пайызга, же 40 миң адамга көп.
– 2-апрелден тартып Орусиянын «Мир» деген банк-карталары боюнча төлөмдөр Кыргызстанда токтотлду.
– Араванда аянты жарым гектарга жеткен жана стадион турган жер мамлекетке кайтарылды. Жердин баасы 307 млн сом экен.
– Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, өлкөдөгү майнинг-компаниялардын саны 30дан ашык, алардын сегизи гана энергияны чакан-ГЭСтерден алат.
– Кыргызстандын Монополияга каршы кызматы «Яндекс.Такси» ишканасын монополист деп тааныды. Ушундай эле жагдайда бул ишкана Казакстанда мурда $6,5 млн айып төлөгөн.
– Жогорку кеңештин жыйынында – Кыргызстанда жыл сайын 13 миң жер титирөө болоору айтылды, алардын 7 баллдан ашканы акыркы 150 жылда он чактысы болгон.
– Бишкекте Евразиялык билим берүү деген көргөзмө болуп өттү, Кыргызстандан тышкары, ага Орусия менен Казакстандын өкүлдөрү катышты.