7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн»: Профессор Алайбек Обозов – өлкөдөгү акыркы өзгөрүүлөр мени кубандырат

359

2024-жылдын 14-апрелинен 20-апрелге чейинки окуялар тууралуу илимпоз Алайбек Обозов менен маек.

Негизги окуялар:

– Садыр Жапаров Астанага барып, президент Касым-Жомарт Токаев менен – эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү тууралуу келишимге кол койду.

– Эки президенттин төрагалыгы астында Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекет-аралык кеңешинин алтынчы жыйыны өткөрүлдү.

– Президент Садыр Жапаров Астанада Казакстандын биринчи даражадагы Достык ордени менен сыйланды.

– Казак ырчысы Роза Рымбаева жана композитор Алтынбек Коразбаевге Кыргыз эл артисти наамы берилди. Мурат Ауэзов, ректор Жансейт Туймебаев жана башкалар орден-медалдар менен сыйланды.

– Президенттер Токаев менен Жапаров Астана шаарында «Айкөл Манас» эстелигин ачты.

– Бишкекте Манас театрынын жаңы имараты ачылды, ага дагы президент Жапаров өзү катышты. Жыйында чыгып сүйлөп, президент – каза болгон акын Элмирбек Иманалиевге Эмгек баатыры деген наам берилгенин айтты жана манасчы Рысбай Исаковго Эл артисти наамын берди.

– 2023-жылдын жыйынтыгы менен Кумтөр мамлекетке $151 млн доллар, анын казынага болгон быр жылдык салымы $290 миллионго жетти. Канадалык 2010-жылдан 2021-жылга чейин 11 жыл ичинде бардыгы болуп $102 гана млн дивиденд төлөгөн экен.

– «Кыргызалтын» ишканасынын 2023-жылдагы кирешеси 15 млрд сомго жетиптир, бул – $164 млн.

 

– Акылбек Жапаров Вашингтондо Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Асад Алам жана вице-президенти Мамта Мурти менен жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн антип акча чогултуу үчүн каржылоо моделин иштеп чыгуу тууралуу макулдашты.

– Вашингтондо Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин Асакава Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акча салууга даяр экенин билдирди.

– Вена шаарында июнда өтө турган энергетика боюнча инвестициялык форумга даярдыктар көрүлүп жатканы тууралуу белгилүү болду. Масацугу Асакава ал форумга келе турган болду.

– Венадагы энергетикалык форумда Кыргызстан күн станциясы деген долбоордун бет ачаарын өткөрмөй болду.

– Ошол эле Америкага сапары учурунда Акылбек Жапаров Европанын инвестициялык банкынын директору Маркус Бернд менен дагы жолукту, ал Камбарата-1 ГЭСинин курулушуна акча салуу боюнча долбоорду азыр карап жатат.

– Камбарата-1 ГЭСин куруу боюнча Казакстан-Кыргызстан-Өзбекстан келишими жарыяланды, 33-34-33%.

– Америкада Акылбек Жапаров Эл аралык республикалык институттун президенти Дэниел Твининг жана институттун Евразия боюнча директору Стивен Никс менен жолукту.

– Вашингтон шаарында Кыргызстандын министрлер кабинети жана Google корпорациясы ортосунда билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

– Вашингтондо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун биргелешкен жыйынында Кыргызстандын орто билим берүү тармагындагы «Алтын казык» деген мамлекеттик программанын бет ачаары өткөрүлүп, Бишкектин бир мектебинде «Гугл-мектеп» деген концепциянын принциптери киргизилмей болду.

 

– Илимдер академиясына президент Садыр Жапаров барып, Академияга каражат бөлүнөт, аны өркүндөтөбүз деп билдирди.

– Стратегиялык изилдөөлөр институту менен Экономикалык саясатты изилдөө институту бириктирилип, Стратегиялык демилгелер институту түзүлдү.

– Кабул шаарындагы Майван университетинде Ооганстанда жашаган кыргыздар тууралуу конференция болуп өттү.

– Томолой жетимдерге алар 18ге чыкканда 500 миң сомдон берүү боюнча «Келечекке салым» долбоорун 1-июндан тартып баштоо тууралуу жарлыкка президент Жапаров кол койду. Жыл сайын бул ишке бюджеттен 270 млн сом бөлүнмөй болду.

– Санариптик өнүгүү министрилиги Кыргызстандын аймагында ТикТок социалдык тармагынын иштешине бөгөт койду. Талам – жаштардын ден соолугун коргоо максатында УКМК тарабынан түшкөн.

– Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг же жөө жүрүш уюштурууга мындан 2 жыл мурда Биринчи май райондук соту кабыл алган чечимди 19-апрелде Жогорку сот бекитти.

– УКМК бир кылмыштуу топту кармагынын жарыялады, алар чет мамлекеттерде бөйрөгүн алмаштырууга 80 миң доллар төлөөгө даяр байларды таап, Кыргызстанда бөйрөгүн бир миңден 7 миң долларга чейин сатууга даяр адамдарды таап, бизнес кылган экен.

 

– Бишкек мэри Айбек Джунушалиев Ататүрк паркынын чек арасын аныктоо тууралуу токтомго кол койду, ал чектин ичине 200го жакын курулуш кирет экен, эгер аракеттер аягына чейин чыгарылса, алрдын баары буздурулууга тйиш.

– Мадина базарынын айланасындагы соода күркөлөр алына баштады.

– 19-апрелде Биринчи май соту 22-февралда кармалган экс-депутат Кубанычбек Жолдошбаевди тил кат менен камактан чыгарды, ал казынага 150 млн сом төгүптүр, бирок тергөө дагы уланууда.

– Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун 10 аталыштагы мүлкүн аукционго койду.

– Кыргыз жарандарынын банктарда сактаган акчаларынын жалпы колөмү 475 млрд сомго жетиптир. Ошондо, ар бир адам – карылар менен ымыркайларды дагы санаганда – ар бири 68 миң сомдон сактайт экен.

– Жайында Парижде өтө турган Олимпиадага Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмаз уулу жана суучул Денис Петрашов жолдомо алды, дагы башка спортчулар алышы мүмкүн.

– Таиландда өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпионатында кыргыз курамасы Японияны 3:2 эсебинде утту. Бүгүн Кыргызстан Тажикстан менен ойнойт.

 

– Баш прокурор Зулушев Көк-Бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.

– Викрам Рузахунов Казакстандын Конаев шаарына барып, сотко чейинки корсөтмө берип келди. 2022-жылдын январында ал Алматыда кармалып сабалган, кийин аны сабаган 4 полициячы кармалган.

– Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары 4 алтын, 3 күмүш жана 7 кол медаль утуп, командалык эсепте 2 орунду ээледи. Биринчи орунда – Иран, үчүнчүдө – Жапония.

360