2024-жылдын 13-октябрынан 19уна чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Зайырбек Эргешов менен маек.
– КМШ мамлекеттеринин Москвадагы бийик жолугушуусунда президент Садыр Жапаров орусиялык журналист Павел Зарубиндин суроолоруна жооп берип жатып, Орусияга каршы Батыш тарабынан санкциялар жарыяланганына карабай, Батыштын өзүнүн айрым компаниялары ошол санкцияларды бузуп, тыюу салынган тетиктерди Орусияга сатып жатат. Кыргызстан болсо, Бириккен улуттардын чектөөлөрүн карманат, бирок Москва менен андан тышкары кызматташууга эч ким бизге чектөө коюп, тигил өлкө менен кызматташкыла, бул мамлекет менен кызматташпагыла дегендей көрсөтмө бербеш керек деп туура айтты.
– Мындан 2 жыл мурда Кыргызстандын 5 жогорку окуу жайы өзгөчө макамга ээ болгон, эми аларга дагы 5 университет кошулуп жатат, аны менен бул жогорку окуу жайлары өздөрү тапкан каражатка өздөрү толук кандуу ээ болот. Антпегенде, алар тапкан каражатынын кайсы бир бөлүгүн мамлекеттик бюджетке төгүп туруш керек болчу. Андан тышкары, андай макамга ээ эмес университеттердин проректорлору жана башка жетекчилери Бишкектен дайындалчу, азыр эми аларды дайындоолорду – жогорку окуу жайлардын жетекчилери өздөрү жасай алат.
– Мүрзөлөрдөгү эстеликтерди өтө чоң кылып тургузуп, аларды мрамор же темирден даярдаган – аша чапкандык деген акыркы кыймылдар, бул – мындан 2 жыл мурда президент тарабынан той-топурларды өтө аша-чапкандык менен уюштургандыкка чектөө коюш керек деген ысырапкорчулук менен күрөшүү аракеттеринин уландысы деп түшүнсө болот. Акыркы мезгилде бул багытта кандайдыр бир атаандаштык жана кур намысты куугандык пайда болуп кеткен. Бул жаңы чечим, андан тышкары, жарандар ортосунда социалдык теңдүүлүктү дагы орнотууга көмөктөшөт…
Жуманын негизги окуялары:
– Президент Жапаров Москвадагы саммитке барганда 13-октябрда орусиялык журналист Павел Зарубинге интервью берип, Россия менен Кыргызстан ортосундагы кызматташууга айрым Батыш өлкөлөрү тоскоолдук жаратууда деп билдирди.
– 15-16-октябрда Акылбек Жапаров Пакистанда ШОС уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышып келди.
– Өлкөнүн 33 шаарында 17-ноябрда өтө турган шайлоо менен байланыштуу 18-октябрда үгүт иштери башталды.
– Президент Садыр Жапаров бул шайлоо менен байланыштуу элге кайрылуу жасап, туура талапкерлерди тандап, өлкөнүн туура өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.
– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-октябрда билдиргенге караганда, ички дүң өндүрүмдүн өсүшү азыр 8,4 пайызды түзүүдө, Кумтөрдү санабаганда болсо, өсүш 9,7%.
– Эсеп палатасы 15-октябрда билдиргенге караганда, 2023-жылдын мамлекеттик бюджетин аткарууда мыйзам бузуулар болгон жана айырма бир жарым млрд сомдон ашкан.
– Президент Жапаровдун буйругу менен дагы беш окуу жайына өзгөчө макам берилди, алар – Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл университеттери. Буга чейин андай макамга Улуттук университет, Техникалык жана Агрардык университеттер, Медицина академиясы жан Ош мамлекеттик университети ээ болгон.
– Билим берүү жана илим министрлиги – Илимдер академиясынын президенти академиянын жалпы жыйынында шайланбастан, аны өлкө президенти өзү дайындаш керек деген сунуш киргизүүдө.
– Билим берүү министри Кендирбаеванын айтымында, окуу китептери үчүн Минфин жылына 152 млн сом бөлсө, эмдиги жылы 744 млн сом бөлүнөт. Андан тышкары, «Евразия» деген уюм ага кошумча 1 млрд сом чыгарат
– Евразиялык өнүктүрүү банкынын жардамы менен Кыргызстандын 7 облусу менен 2 шаарында Россия 9 орус тилдүү мектебин куруп берүүгө милдет алды.
– Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми кыргыз министри Жээнбек Кулубаевге 15-октябрда телефон чалып, журналисттер Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков 10-октябрда камакка кесилгени тууралуу нааразылыгын билдирди.
– Бишкек шаардык соту 17-октябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, акын Аскат Жетигендин 3 жылга эркинен ажыратылганын бекитти.
– Эл аралык Freedom House уюму жарыялаган маалыматка караганда, Кыргызстандагы интернет эркиндиги акыркы бир жылда ДАГЫ кыскарды. Интернет боюнча эң жабык мамлекеттер деп Кытай менен Мьянма табылган, эң эркин деп – Исландия менен Эстония.
– Президент 14-октябрда атайын жобого кол коюп, көрүстөндөрдөгү абалды жөнгө салуу жана ысырапкорчулукту азайтууга үндөдү.
– Дүйшөмбү күнү президент Жапаров атайын жобосу менен Көлдөгү экологиялык Асман шаарын куруунун концепциясын министрлер кабинети 2025-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгып, бекитиш керектигин буйруду.
– Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 адамдын денелери табылды, акыркы экөөнүкү – бүгүн. Он төрт адамдан турган топ тоого 9-октябрда чыккан, ал жерде кар 14-октябрда көчкөн.
– 15-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бишкекте Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп, 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо группасында 5-орунга чыкты.
– УКМК кызматкерлери «Альфа» атайын тобунун аскерлери менен биргеликте Бишкек шаардык прокуратурасына 18-октябрда кирип келип, аны тинтип, 2 кызматкерди кармап кетти. Шаар прокурорунун орун басары вице-мэрден $5 миң доллар опузалаган экен.
– Кара-Кыргыз автономиялуу облустун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата кечээ күнү Москва менен Санкт-Петербургда Кыргызстандын маданий күндөрү башталды, бул иш-чара 22-октябрга чейин уланат.
– 17-октябрда Бишкекте – УКМКнын Академиясы ачылды, ал – мурда иштеген Кадрларды кайра даярдоо институтунун негизинде пайда болду.
– Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Манас» соода-логистикалык шаарынын пайдубалына мезгил кутусу салынды, салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень катышты.