Социалдык тармактарда тараган видео көпчүлүктү жылмайтты. Анда, атасы эки кичинекей кыздарынан тил катка кол койдурганын көрүүгө болот. Ал документте кыздар бойго жеткенге чейин мемиле түзбөөгө макул болушкан.
Видео тасма Казакстанда тартылып, 2 миллиондон ашык көрүүчү топтогон. Соцтармактын колдонуучуларынан көптөгөн пикирлер айтылып, бул тамашалуу көрүнүш желдей тараган.
Кыздардын апасы Гульмира ЖМКларга видео мынчалык тарап кетет деп ойлогон эмеспиз деп билдирген. Анын айтымында, кыздары атасына аябай катуу ишенгендиктен, алар документке суроосуз эле кол коюшкан.