7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК депутаттарын шайлоону чагылдырууну каалаган чет элдик ММКларды каттоо башталды

441

Тышкы иштер министрлиги тарабынан Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды.

Маалыматка ылайык, шайлоону чагылдырууну каалаган чет элдик ЖМК өкүлдөрү ТИМдин  маалымат департаменттинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына “Шайлоо 2021” деген белги менен төмөндө көрсөтүлгөн документтердин тизмесин жөнөтүүсү зарыл.

Тизме:

• Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисинин кол тамгасы менен жалпыга маалымдоо каражатынын расмий бланкына жазылган кат (жөнөтүлүп жаткан кабарчылардын, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү, аккредитациялоо мөөнөтү жана максаты);
• Көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө маалымат;
• Толтурулган анкета формасы (форма).
• Паспорттун сканирленген көчүрмөсү;
• Электрондук түрдөгү 3*4 форматындагы сүрөт;
• Аталган документтердин топтомун 2021-жылдын 1-ноябрына чейин жөнөтүү зарыл.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин алынган билдирмелер кабыл алынбайт. Билдирмени жөнөтүү автоматтык түрдө аккредитация алуу дегенди билдирбейт. Кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча министрлик тарабынан журналисттерди аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат”, — деп айтылат маалыматта.

Чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо боюнча кошумча маалымат алуу үчүн +996312626559 телефону аркылуу (ТИМинин маалымат департаменти), ошондой эле Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына +996 312 66-54-52 телефон боюнча кайрылууга болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

442