7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү эки окууда колдоду

427

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча маселени карап, аны экинчи, үчүнчү окууда колдоду.

Комитет жыйынына туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев чакырылып, ал кызуу талкуу менен өттү.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев өзгөртүлгөн тууну Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, мамлекеттик мекемелерде орнотуу жол-жобосун тактады. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин аткаруу бийлиги тарабынан аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи. Депутат Арсланбек Малиев туунун айрым элементтерин өзгөртүү боюнча бир катар сунуштарын киргизди, атап айтканда, түндүктүн чамгарагына жана туунун түсүнө өзгөчө көңүл бурду. Депутат Мирлан Самыйкожо туунун баштапкы варианты тууралуу маселени көтөрүп, туунун айрым элементтеринин символикалык маанисине кайрылды. Ал аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыгып, туу маселесин референдумга алып чыгууну сунуштады. Депутат Балбак Түлөбаев туунун авторлорунан герб менен туунун айрым элементтери тууралуу тактап: «Алар башкача болушу керекпи?»,- деп сурады ал.

Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков гербдин жана туунун эскиздеринин үстүндө эки башка авторлор тобу иштегенин айтты. Депутат Мейкинбек Абдалиев туунун түп нускасы тууралуу маселени тактады. Туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев 1992-жылы сунушталган туунун эскиздери тууралуу айтып беришти.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.

 

 

428