7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК министр кызматына Кендирбаеванын талапкерлигин колдоду

441

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Догдуркүл Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Өз кезегинде, Догдуркүл Кендирбаева депутаттарды өзүнүн платформасы менен тааныштырып, 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттарды улантууга болгон күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Анын ичинен, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү башкы максат экенин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

442