7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы: «Энергетиктерибиз кышта татыктуу кызмат көрсөтүштү»

660

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСтеринин каскадынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 80%дан ашыгы аталган каскаддын ГЭСтеринде өндүрүлүп, курамына Токтогул жана Күрпсай ГЭСтери кирет. 1975-жылы ишке берилгенден бери алмаштырылбай келе жаткан айрым жабдуулары жаңыланып, Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинин учурда тийиштүү жумуштар жасалууда. 2025-жылы төрт агрегаты толугу менен алмаштырылып бүтсө, азыркы 1260 мегаваттык кубаттуулук 1440 мегаваттка көбөйөт. Маалым болгондой, учурда ГЭСке агып кирген суунун орточо көлөмү 266 м3/с түзсө, агып чыккан сууну көлөмү 155 м3/с болууда.

Төрага “Жабдуулардын эскиргенине карабай, тажрыйбалуу адистердин талыкпаган аракети аркылуу жарандарыбыз жарык жана жылуулук менен камсыздалып келет. Айрыкча билим менен тажрыйбаны айкалыштырган кесипкөй энергетиктерибиз акыркы кышта терс кесепеттерди жаратпастан, татыктуу кызмат көрсөтүштү”, – деди.

Шакиев алдыңкы адистерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661