7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы Эрулан Кокуловду трибунадан маанилүү маселелерди көтөрүүгө чакырды

300

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев депутаттарды парламентте орчундуу маселелерди көтөрүүгө чакырды.

“Депутаттык топтордун жетекчилери менен сүйлөштүк. Анда ар бир депутат Жогорку Кеңештин жыйынында 10 мүнөттүк убакыт сураганда, топтун жетекчилери менен акылдашып, андан кийин убакыт сурайт. Ал эми эч бир депутаттык топко кирбеген эл өкүлдөрү убакыт сураганга укуктуу. Бул жерден орчундуу маселе, реформа, көйгөйлөрдү көтөрүүгө чакырып кетет элем”, — деди Маматалиев.

Ал арада депутат Акылбек Түмөнбаев эл өкүлү Эрулан Көкүловдун 10 мүнөттүк убакыт сурап, жеке кызыкчылыгы жана жеке иши боюнча маселени парламенттин трибунасында көтөргөнүнө сын айтты. Түмөнбаев мындай маселе боюнча социалдык тармактарда түз эфирлерге чыгып кайрылуу жасашы керектигин белгиледи.

“Шайланып келген округдагы мектеп, бала бакча, жол, суу маселесин көтөрбөй, жеке маселесин айтканын угуп отура беребизби? Жеке кызыкчылыктын бизге кереги жок”, — деди эл өкүлү.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

301