Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлону кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Алгач төрага Реми Дюфлону Кыргызстандагы өкүлчүлүктүн башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, тажрыйбалуу өкүл катары эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга жардамчы болоруна терең ишенерин билдирди.
Ошондой эле Кыргызстан Европа биримдигине кирген бардык мамлекеттер менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: «Биз батыштагы өнөктөштөрүбүз, айрыкча Европа чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани беребиз. Соңку жылдары эки тараптуу алакаларыбыз өнүгүп, жогорку деңгээлдеги саясий диалог жигердүү уланды. Натыйжада Кыргызстандагы ири экономикалык долбоорлорго инвестиция салуу боюнча чечимдер кабыл алынды», – деди.
Муну менен катар Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы калыптанган байланышка да канаттануусун белгилеген төрага керектүү маселелерди талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушуулардын маанилүүлүгүнө токтолду. Андан тышкары, Кыргыз парламенти чөлкөмдөгү жана мурунку Советтик мамлекеттин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен ачыктыгы жана демократиялык принциптерди бекем кармангандыгы менен өзгөчөлөнүп турарын билдирип, Европа парламенти менен да ачык диалогу тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин эске салды.
Үстүбүздөгү жылдын 16-18-февралында Бишкек шаарында Парламенттик кызматташтык боюнча комитеттин кезектеги жыйыны мерчемделгенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу аталган иш-чарага даярдыктар активдүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде өкүлчүлүктүн башчысы Реми Дюфло жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылык билдирип, мерчемдеген негизги максаттары жана иш пландары тууралуу сөз кылды.
Тагыраагы, Кыргызстан Европа биримдигинин Борбор Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, жетишилген келишимдердин жана макулдашуулардын алкагында өнөктөштүктү өрчүтүүгө ынтызар экендиктерин кошумчалады. Буга мисал катары санариптик өнүктүрүү, энергетика, билим берүү өңдүү артыкчылыктуу тармактарда биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.



