Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Хан Чжон Э баштаган Кореянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясын кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Корея Азия-Тынч океан аймагындагы Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, акыркы жылдары эки мамлекеттин кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.
Айрыкча парламенттер аралык байланыштар активдүү уланып, биргелешкен иш-чаралар байма-бай уюштурулуп жатканын айткан Төрага бүгүн Бишкекте башталган суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин кезектеги жыйыны буга мисал экенин эске салды.
Ошону менен катар эки тараптуу иш сапарлар байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзүп жатканын билдирген төрага «Борбор Азия+Корея» форматындагы жолугушуулар да ийгиликтүү өтүп жатканына токтолду. Андан тышкары, эки мамлекет ортосундагы соода байланыштар соңку жылдары рекорддук чекке жеткенин белгиледи.
Өз кезегинде Хан Чжон Э да кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерине токтолуп, анын ичинен биргелешип жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу сөз кылды. Муну менен катар суу ресурстарын коргоо жана климаттагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.