7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга жөнөп кетти

295

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапары менен жөнөп кетти.

Расмий сапарынын алкагында төрага Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Мурадил Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажибаев жана Бактыяр Калпаев бар.

296