7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы Улуттук университеттин ардактуу профессору болду

347

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарада университеттин ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык тарыхы бар өлкөнүн башкы окуу жайын өнүктүрүүдө төраганын салымы чоң экенин белгиледи.

Анын айтымында, Нурланбек Тургунбек уулу билим берүү тармагындагы демилгелерди жигердүү колдоп келет, бул болсо окутуунун сапатын көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ.

«Университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Нурланбек Тургунбек уулуна «Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ардактуу профессору» наамын ыйгаруу чечими кабыл алынды», – деди ректор.

Наам ыйгаруу менен бирге, төрагага окуу жайдын 100 жылдык маарекелик медалы да тапшырылды.

348