Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районунда жайгашкан авариялык абалдагы медициналык жайлардын абалы менен таанышты.
Спикер Ала-Бука районундагы 1950-жылдары курулган медициналык мекемелердин имаратын көрүп, тиешелүү жетекчилерге тез арада жаңы имараттарды куруу тапшырмасын койгону айтылды.
“Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз”, – деген төрага медицина кызматкерлеринин айлык акысы келерки жылдын январынан тарта сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн кошумчалады.
Мындан тышкары, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунун курулушун көрүп жаткан учурда быйыл бюджет 704 миллиард сом болгонун, кийинки жылы 800 миллиард сомго жеткирүү мерчемделип жатканын кошумчалады.