7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы: Жоопкерчиликсиз айрым адамдардын айынан, карапайым калк жабыркабашы керек

159
Бүгүн, 20-июнда төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ноокат районундагы иш сапарын Көк-Жар айылында улантып, жергиликтүү оорукананын курулушунан кабар алды.
Аталган саламаттыкты сактоо мекемесинин курулуш иштери 2021-жылы эле башталып, алгач 75 млн сом бөлүнгөн. Бирок курулушту жүргүзгөн компания тарабынан жасалган иштердин отчету убагында берилбегендиктен каржылоо иши убактылуу токтотулган. Ишти аягына чыгаруу үчүн дагы 117 млн сом керек. Ал арада курулушту жүргүзгөн компаниянын Каржы министрлигинин алдындагы дебитордук карызы 17 млн сомго жеткен.
Төрага калктын саламаттыгына кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп: “Акыркы жылдары ооруканаларды курууга астейдил көңүл бурулганы менен айрым подрядчы компаниялардын жоопкерчиликсиздигинен ушундай көрүнүштөр болуп жатканы өкүндүрөт. Төрт жылдан бери бүткөрүлбөй келе жаткан ишке кимдер күнөөлүү экенин атайын органдар текшерип, жагдайды көзөмөлдөшү керек. Жоопкерчиликсиз адамдардын айынан карапайым калк жабыркабашы зарыл”, – деди.
Муну менен катар курулуштун сапатына да дыкат көңүл бурулушу керектигин айткан Нурланбек Тургунбек уулу убакыт созула берсе буга чейин жасалган иштер да зыянга учурап калуу коркунучу бар экенин кошумчалады.
“Андыктан, тармакты тейлеген министрликтер керектүү чараларды кабыл алып, оорукананын курулушун тез арада бүткөрүлүшү кажет”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

160