7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК Жалал-Абадды“Манас” шаарына өзгөртүүгө макулдук берди

367

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.

Анын айтымында, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган айкөл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган.

368