7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖККББ: Бир түндө 32 мас айдоочу кармалды

211

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын ротасы тарабынан дем алыш күндүн соңунда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 32 мас абалында унаа башкарган айдоочулар кармалды. Алардын ичинде айым айдоочулар да бар.

Кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Рулда” аталышында рейд өткөрөөрүн белгилеп, рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланаарын эскертет.

Рейд учурунда ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма жалган мамлекеттик номур тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Рейддик иш-чарага массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышып, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жүздөрү башкаларга эскертүү болуу иретинде коомчулукка ачык көрсөтүлөт.

 

212