Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмү 2023-2024-окуу жылынын башталышына карата жалпы республиканын аймагындагы мектептердин айланасындагы жолдордун абалын жеринен кароо жана текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын негизинде жетишпеген жол белгилерин, жол чийиндерин, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттарын аныктап, аны аткаруу боюнча тийиштүү муниципалдык кызматтарга сунуштамаларын беришкен.
Ошонун алкагында баардык орто мектептердин айланасындагы унаа жолдорго мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн, ылдамдык белгилерин, жөө жүргүнчү белгилерин, атайын дөңсөө жол белгилерин, (искусственные дорожные неровности) орнотушту. Ошондой эле, жөө өтмөктөрдүн чиймелерин жаңыртып, окуучулардын коопсуздугу үчүн баардык иш-чараларды жүргүзүүдө.