Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте №11 жалпы билим берүү орто мектебинде өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын азайтуу, болтурбоо максатында мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине «Жол кыймылынын эрежелери сактайлы» аттуу түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.
Саамалыкта Бишкек шаардык кеңештин депутаты Аскар Алмаз уулу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков №11 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларына 2000 даана атайын жарык берүүчү элементтерди жана окуучулардын маанайын көтөрүү максатында “Бадырак” фирмасынын таттууларын таратышты.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Башкы башкармалыктын өкүлдөрү тарабынан ата-энелерге, окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча баалуу маалыматтар берилип, балдар катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер жана жалпы окуучулардын жол коопсуздугу талкууланды.
Эскерте кетсек, 2024-жыл ичи балдардын катышуусунда 1700дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 2000ден ашуун балдар жол кырсыгынан жаракаттарды алышып, тилекке каршы 99 өспүрүм көз жумган. Бул көрсөткүч аркы 2023-жылга салыштырмалуу жалпы саны -3,66 пайызга, жаракат алгандар -7,72, ал эми көз жумган балдардын саны -3 пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй бойдон калууда. Ошондуктан, бул багытта ИИМдин ЖКККББгы балдардын жол коопсуздугу үчүн үгүт-насаат иштерин күчөтүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram