Бүгүн, 28-апрелде ички иштер органдарынын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына “Коопсуз жол” программасын иштеп чыгып, тез арада ишке киргизүү тапшырмасы коюлду.
«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары боюнча беренелер ишке киргизилип, жол эрежелерин бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү багытында 20дан ашык беренеге айыптар катаалдаштырылган. Бирок ошого карабастан бул багытта кемчиликтер бар экендиги айныксыз. Ошондой эле ички тартиптин сапатынын начардыгына байланыштуу жеке кызыкчылык үчүн иш алып барган кызматкерлерди тазалап жатабыз. Жакында эле 30 кызматкерди ички иштер органдарынын катарынан бошоттук. Бир катар жооптуу кызматкерлерди ээлеген кызматтарынан төмөндөтүп, бир катар жетекчилерге ар түрдүү тартиптик жазаларды бердик. Бирок, бүгүнкү күндө кызматкерлер арасында дагы деле мыйзам бузуулар орун алып келүүдө. Жер-жердеги биринчи жетекчилер ар ким өзү жооптуу болгон аймакта жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүү керектиги тууралуу тапшырма беремин», — деди ал.