7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты

491

Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчету каралды.

Талкуу маалында депутат Миргүл Темирбаева Кыргызстан соттолгон жарандарды экстрадициялоо жаатында канча өлкө менен келишим түзгөнүнө кызыгып: “Россия менен түзүлгөн экстрадициялоо боюнча келишимдин алкагында канча жаран республикага кайтарылды?” – деп сурады.

Өз кезегинде башкы прокурор Кытай, Иран, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея жана КМШнын бир катар өлкөлөрү менен андай келишимдер бар экенин маалымдап, 2022-жылы Кыргызстандын 33 жараны, 2023-жылы 15 жаран экстрадицияланып, дагы 25 жаран боюнча маселе каралып жатканын кошумчалады

Депутат Гуля Кожокулова башкы прокурордун жеке көзөмөлүндө турган кылмыш иштери боюнча маселеге токтолуп: “Прокуратуранын 1000 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул эмнени билдирет?”, — деди.

Ал эми Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында каралып жаткан бардык кылмыш иштери жеке көзөмөлүндө экенин айтып, кызматкерлердин жоопкерчиликке тартылышын коюлган талаптардын күчөтүлгөндүгүнө байланыштырды.

Андан тышкары, депутат Талайбек Масабиров “Красная гвоздика” балдар лагеринин иши боюнча маселени көтөрүп, Башкы прокурорду аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.

Депутат Гүлшаркан Култаева жер-укуктук мамилелер тармагындагы маселелерди, тактап айтканда, Таш-Көмүр шаары менен Аксы районунун ортосундагы 10 гектардын тегерегиндеги жер талаштары тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле депутат Камила Талиева Башкы прокурордун калк менен аймактарда өткөргөн жолугушуусу жакшы тажрыйба экенин баса белгилеп, мындан ары дагы ушундай өнөктүктү улантууну сунуштады.

Депутат Надира Нарматова болсо Башкы прокуратура жарандардын ар бир кайрылуусун кароосуз калтырбай, кылдат карап чыгышы керектигин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш башкы прокурорунун отчетун канааттандырарлык деп тапты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

492