Бүгүн, Жогорку Кеңеш Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековду кызматтан бошотууга макулдук берүүнү колдоду.
Базарбековду кызматынан бошотууга 66 депутат макул, бирөө каршы добуш берди. Мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү.
Эске салсак, 2022-жылдын февраль айында Жогорку соттун төрагалыгына дайындалган Замирбек Базарбеков кечээ өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.