Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеште тууну өзгөртүү мыйзамы бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Тууну өзгөртүүгө 59 депутат «макул», бешөө «каршы» деп добуш берди.
Сессияда мыйзам долбоору боюнча бир эле депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, андан башка талкуу болгон жок. Кадырбеков тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты.
Эми президент кол койсо сунушталган вариант кабыл алынат.