7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеште мектепте акча чогултууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды

364

27-ноябрда Жогорку Кеңеш мектептеги акча чогултууга тыюу салган мыйзамды үч окууда кабыл алды.

Депутат Миргүл Темирбаеванын демилгесине ылайык, мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң сом айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө ИИМге жүктөлөт.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ата-эненин ыктыярдуу түрдө берген материалдык көмөгү мыйзам бузуу болуп саналбай турганы айтылды.

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Буга чейин мектептерде акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарылыгы чыккан.

365