7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаттары Жамал Сейдакматованын жакындарына көңүл айтты

336

Жогорку Кеңештин депутаттары Жамал Сейдакматованын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

«Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. 16-февралда узакка созулган оорудан кийин 82 жаш курагында кайталангыс талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, III жана II даражадагы «Манас» орденинин ээси Жамал Сейдакматова дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган улуу актриса эле. Ал театр жана кино өнөрүнө эбегейсиз салым кошкон. Мына ушул оор жоготууга байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп жазылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

337